Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Өкмөт: Балыкчы-Корумду жолунун курулушу 2020-жылы бүтөт


Балыкчы-Корумду жолу.
Балыкчы-Корумду жолу.

Төрт жылдан бери уланып келе жаткан Балыкчы - Корумду - Чолпон-Ата жолунун курулушу 2020-жылы аяктайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитеттеринин жалпы жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди. Анын айтымында, жолду бүткөрүүгө каражаттар каралып, курулушту толугу менен бүткөрүү пландалууда.

Балыкчы - Корумду - Чолпон-Ата жолун оңдоо 2015-жылы башталган. Ал өлкө өз бюджетинен каржылап жаткан алгачкы ири долбоор. Аны кытайлык «Лоң Хай» компаниясы куруп жатат. Жалпы узундугу 104 чакырымды түзгөн жолду оңдоого жетиштүү каражат бөлүнбөй, бир топ чыр чыккан. Маселени парламентте түзүлгөн депутаттык комиссия да иликтеп, мурдагы премьер-министр Темир Сариев өз каалоосу менен кызматтан кеткен. (BkA)

XS
SM
MD
LG