Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:28

Кой-Таш окуясы боюнча комиссиянын бүтүмү жакында парламентке жөнөтүлөт


Кой-Таштагы окуяларды иликтеген комиссия иш үстүндө.
Кой-Таштагы окуяларды иликтеген комиссия иш үстүндө.

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын корутундусу жакынкы күндөрү парламентке жөнөтүлөт. Бул тууралуу аталган комиссиянын өкүлдөрү билдиришти. Учурда корутунду даярдалып, кыргыз тилине которулууда.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия негизги ишин 31-октябрда жыйынтыктаган.

Буга чейин комиссиянын корутундусунун долбооруна комиссиянын мүчөлөрү Клара Сооронкулова жана Жаркынбек Касымбеков каршы добуш берген. Алар муну Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча операциянын башында турган УКМК, ИИМдин жетекчилеринин жоопкерчилиги каралбай калганы менен түшүндүргөн.

Кой-Таштагы окуяларды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия 29-августта түзүлгөн. Анын курамына вице-премьер Жеңиш Разаков баш болгон өкмөт өкүлдөрү, парламенттин бир нече депутаты, коомдук ишмерлер жана жарандык коомдун өкүлдөрү кирген.

Комиссия эки ай бою иш алып барды. Анын жүрүшүндө окуяга күбө болгондор, тиешелүү органдардын өкүлдөрү маалымат берип, Кой-Таш айылынын тургундары менен жолуккан. Мындан сырткары комиссия мүчөлөрү мурдагы президентти кармоо маалындагы башаламандык боюнча козголгон кылмыш ишинин материалдары, анын ичинде жашыруун маалыматтар менен таанышкан.

Комиссия ишин жүргүзүп жаткан чакта эле мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапкерлери нааразылыгын билдирип чыгышкан. (BkA)

XS
SM
MD
LG