Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:39

Боливиянын президенти Эво Моралес кызматтан кетти


Эво Моралес.
Эво Моралес.

Боливиянын президенти Эво Моралес кызматтан кеткенин жарыялады. Мындай чечимди ал оппозициянын бул өлкөдө үч аптадан берип уланып жаткан нааразылык акцияларынан соң кабыл алды.

Жекшембиде Боливиянын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Уильямс Калиман президентти бийликти тапшырууга чакырган. Ошондон кийин Моралес боливиялыктарга сыналгы аркылуу кайрылып, кызматын тапшырарын жарыялады.

Ал Боливияны 13 жылдан бери башкарып келаткан.

Бул өлкөдө массалык нааразылык 20-октябрда өткөн президенттик шайлоодон соң башталган. Ал шайлоодо Эво Моралес төртүнчү жолу өлкө башчылыгына шайланганы жарыяланган болчу.

Анда Моралес 47 пайыз, анын негизги атаандашы оппозициячыл саясатчы Карлос Меса 36 пайыз алганы кабарланган.

Меса шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, ошондон кийин анын тарапкерлери көчөгө чыгышкан эле.

XS
SM
MD
LG