Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сүйлөшүү өтүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча эки тараптуу жумушчу топ бул жумада Лейлек районунун аймагында иштеп жатат.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Каныбек Ботоканов 11-ноябрда билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-тажик чек арасын аныктоо боюнча эки тараптуу жумушчу топ 16-октябрдан баштап үзгүлтүксүз иштеп жатат.

Буга чейинки жолугушууда топографиялык жана укуктук негиздерди караган жумуш топтор катышып, иштөө тартиби каралган. Учурда эки тараптуу жумушчу топ жер-жеринде иштеп, талаа жумуштарын жасап жатат .

3-ноябрь күнү Тажикстандын Исфара шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара жана атайын кызматтары да жолугушуу өткөрүшкөн.

Тараптар эки мамлекеттин чек арага жакын аймактарында коопсуздукту камсыз кылуу маселесин талкуулашкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450 чакырымы тактала элек. (JsA)

XS
SM
MD
LG