Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:37

Мирзиёевдин кенже күйөө баласы дагы бир кызматка дайындалды


Атабаек Умаров (ортодо) мушкерлер менен.
Атабаек Умаров (ортодо) мушкерлер менен.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин кичүү кызынын күйөөсү Атабек Умаров Таймаштын аралаш түрлөрү (ММА) боюнча федерациянын башчысы болуп дайындалды. Бул федерация 8-ноябрда негизделди жана жергиликтүү маалымат каражаттары Умаров мушкерлер менен жолугуп, чогуу машыгуу өткөргөнүн жазышты.

Өткөн айда таймаштын аралаш түрлөрү боюнча орусиялык мушкер, UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Ташкентте академия ачканы жатканын жарыялаган. Ошондой эле 2020-2021-жылдары Өзбекстанда алгачкы ирет UFC уюмунун турнирин өткөрүүнү пландаштырып жатканын билдирген.

Атабек Умаров президенттин коопсуздук кызматынын башчысынын биринчи орун басары болуп иштейт. Ушул жылдын март айында Умаров Өзбекстандагы Триатлон федерациясынын башчысы болуп дайындалган. Андан көп өтпөй аталган федерацияга мурдагы президент Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримовага таандык резиденция бекер берилери маалым болгон.

Резиденция Ташкент облусунун Бостанлык районундагы «Сижжак» эс алуу зонасында жайгашкан. Гүлнара Каримовага кылмыш иши козголгондо анын камакка алынган мүлкүнүн арасында резиденция да болгон.

XS
SM
MD
LG