Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча камактагы мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды. Анда адвокат ЖЭБ боюнча кылмыш ишиндеги айрым документтер атайын алмаштырылып, жасалма жол менен чыгымды көбөйтүү аракети болгонун айтууда.
Токтакуновдун жүйөсүндө, чыгымды эсептөөдө Курулуш жана архитектура агенттигинин айрым кызматкерлери документтеги айрым барактарын атайылап алмаштырып коюшкан. Мындай жол менен ЖЭБди жаңылоодо чыгымды көбөйтүү аракети болгон. Адвокат башкы прокурорду бул кырдаалга көңүл бурууга жана чара көрүүгө чакырды.
Бул кайрылуу боюнча Башкы прокуратура жана Курулуш жана архитектура агенттиги эч кандай комментарий бере элек.
Бишкектин Сведлов райондук сотунда ЖЭБди жаңылоодогу коррупция боюнча сот жүрүп жатат. Бул иш боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган бир нече жетекчилер айыпталган.
Тергөөнүн маалыматы боюнча ЖЭБди жаңылоодогу мыйзамсыз иштерден мамлекет 111 миллион долларга жакын чыгым тарткан. (BkA)