Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:32

ТИМ Саймаитиге таандык деген машиненин чоо-жайын тактоодо


Айеркен Саймаити.
Айеркен Саймаити.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиге таандык экени айтылган автоунаанын чоо-жайын тактап жатат. Бул тууралуу министрликтин маалымат департаментинин директору Уланбек Дыйканбаев билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугу учурда бул иш менен алектенүүдө.

«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөнү кабарланды. Ал окко учкан жердин жанында анын автоунаасы табылганы жана машинеге консулдуктардын бирине таандык экени айтылган жасалма номер тагылганын түрк басылмалары жазып чыкты.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган. (BkA)

XS
SM
MD
LG