Бишкекте «Бир дүйнө - Кыргызстан» кинофестивалынын ачылышы өтүп жатат. Бул жылы фестиваль Балдардын укуктары боюнча БУУнун конвенциясынын кабыл алынышынын 30 жылдыгына арналып, «Балдар үнү жана тең укуктуулук» деген темада өтүүдө. Фестивалга ондон ашык өлкөдөн 20дан ашык даректүү тасма катышып жатат. Бул тасмалар катаал шарттагы балдардын укуктарын коргоо өңдүү бир топ темаларды чагылдырат. Мындан сырткары фестивалдын алкагында балдардан укуктары боюнча талкуулар, семинарлар өтөт.
Фестивалдын ачылышына карата жиберген куттуктоосунда Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева саясатчыларга, жарандык коом өкүлдөрүнө кайрылды. Касымалиева аларды фестивалга катышууга жана балдар укуктарына көңүл бурууга чакырган.
«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму уюштурган фестиваль 13-жолу өтүп жатат. (BkA)