Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

Иракта өкмөткө каршы акцияда төрт киши каза болду


Иракта өкмөткө каршы баш-аламан нааразылык акциялары өткөн айдан бери токтобой жатат.
Иракта өкмөткө каршы баш-аламан нааразылык акциялары өткөн айдан бери токтобой жатат.

Өлкөнүн түштүгүндөгү Насирия шаарында демонстранттар менен коопсуздук күчтөрүнүн кагылышында дагы 130дай киши жарадар болду. Бул тууралуу жарым-жартылай өкмөттүк деп эсептелген Адам укуктары боюнча жогорку комиссия кабарлады. Ага ылайык, жарымынын абалы оор. Бери дегенде төрт адамдын өлүмү менен аяктаган кагылышуу шаардагы билим берүү башкармалыгынын сыртына топтолгон тургундарга полиция жаш агызчу газ колдонгондо башталган.

Ал арада Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ирактагы миссиясынын башчысы Жанин Хеннис-Плассхарт 11-ноябрда шиит мусулмандары үчүн ыйык деп эсептелген Нажаф шаарында шиит мусулмандарынын башкы диний көсөмү Али ал-Систани менен жолукту. Анда тараптар аталган уюм сунуш кылып жаткан реформаны талкуулашты. Али ал-Систани өлкөдө «олуттуу реформа жүргүзүүнү колдой турганын, бирок аны ишке ашырууга убакыт керек» экенин белгиледи.

Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган. Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат. Тоз-тополоңдо бери дегенде 320 адам мерт болду.

XS
SM
MD
LG