Тажикстандык оппозиционер, активист Фарход Одинаев Европа Биримдигинен саясий башпаанек сураганы жатат. Бул тууралуу ал "Азаттыктын" тажик кызматына кабарлады жана бул чечимди мекенине кайтып барса, камала тургандыгы белгилүү болгондон кийин кабыл алганын белгиледи. Одинаев ушул тушта Германияда жүрөт жана бир жылга виза алган.
Фарход Одинаев 25-сентябрда Варшавага адам укуктары боюнча жыйынга катышуу үчүн баратканда тажик бийлигинин өтүнүчү менен Беларуста камакка алынган. Ошондон бери өткөн аптага чейин Гродно шаарындагы тергөө абагында отурган. Өткөн жумада Беларус бийлиги оппозиционерди Тажикстанга экстрадициялоо тууралуу өтүнүчтү канааттандырган эмес.
Одинаев Тажикстандагы Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү болчу жана мындан алты жыл мурун кеңсеси Москвада жайгашкан, Тажикстанда көрсөтүлгөн оппозициялык «Safo TV» телеканалын жетектечү. Бул каналды орус бийлиги 2013-жылы жаап койгон.
Тажикстанда Ислам кайра жаралуу партиясы 2015-жылы «экстремисттик» деп табылган жана анын ишмердигине тыюу салынган. Партиянын бир катар мүчөлөрү камакка алынган, айрымдары өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Укук коргоочулар бул партияга жасалган кысымга байланыштуу бийликти айыптап жүрүшөт.