Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:42

Ооганстан үч согушкерди алмашууга даяр экенин билдирди


«Талибан» кыймылынын фракциясы болуп саналган «Хаккани тобунун» лидерлеринин бири Анас Хаккани. 16-октябрь, 2014-жыл.
«Талибан» кыймылынын фракциясы болуп саналган «Хаккани тобунун» лидерлеринин бири Анас Хаккани. 16-октябрь, 2014-жыл.

Ооганстан америкалык жана австралиялык эки туткун үчүн үч согушкерди бошотууга даяр экенин билдирди.

«Машал» радиосунун эфиринде сүйлөп жатып өкмөт өкүлү «Талибан» кыймылынын фракциясы болуп саналган «Хаккани тобунун» үч согушкерин бошотууга макулдук бар экенин айтты.

Бул багытта сүйлөшүүлөр АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад менен талибдердин ортосунда жүрүп жаткан.

Үч согушкерге алмаштырыла турган эки адамдын бири 60 жаштагы америкалык Кевин Кинг, экинчиси 48 жаштагы австралиялык Тимоти Уикс. Аларды талибдер Ооганстандагы Америкалык университетте иштеп жүргөн кезинде, 2016-жылы туткунга алышкан.

Бошотула турган согушкерлер - Анас Хаккани, Хафиз Рашид Омари жана Хажи Милли Хан. (RK)

XS
SM
MD
LG