Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:57

Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет


Касым-Жомарт Токаев.
Касым-Жомарт Токаев.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ушул айдын аягында Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Сапарга даярдык жана анын күн тартибине байланыштуу маселелерди президент Сооронбай Жээнбеков кечээ тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен талкуулады.

Казакстандын башчысынын мамлекеттик сапары 27-ноябрга пландалууда. Ал эми 28-ноябрда Бишкекте Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) кезектеги жыйыны өтөт.

Ага катышуу үчүн казак президентинен тышкары Беларустун, Орусиянын, Тажикстандын мамлекет башчылары жана Армениянын премьер-министри келет.

Уюмдун былтыркы саммити Нур-Султан шаарында өткөн. Анда кыргыз президенти Сооронбай Жээнбеков «аймакта террор коркунучу сакталууда, андыктан Кыргызстан ЖККУнун дараметин жана эл аралык аброюн мындан ары арттырыш үчүн бардык күч-аракетин жумшайт» деп белгилеген.

ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө. (RK)

XS
SM
MD
LG