Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Балдардын кант диабети боюнча маселе талкууланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн Бишкекте балдар жана өспүрүмдөр арасындагы кант диабети оорусуна байланыштуу маселе талкууланчу жыйын өтөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, бейтаптардын жашоо шарты, тийиштүү дары-дармек менен камсыз болушу, социалдык жактан мамлекеттин коргоосуна алынышы күн тартибиндеги негизги темалар болот.

Инсулиндин жеткиликтүүлүгүн жана майыптуулук тобун аныктоо механизмдерин жакшыртуу, кант диабети менен ооруган балдарга мектепте шарт түзүү багытында талкуу уюштурулуп, сунуштар айтылат.

Расмий маалыматка караганда, дүйнөдө ар бир алты секунд сайын кант диабетинен бир адам көз жумат, ар бир жети секунд сайын дагы эки адам ушул илдетке чалдыгат. Бейтаптардын 55% гемодиализге муктаж.

Азыркы учурда Кыргызстанда кант диабети менен ооруган адамдардын саны 60 миңден ашат. (RK)

XS
SM
MD
LG