Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:06

Бишкекте өрт коопсуздугу боюнча текшерүү жүрөт


«Антошка» тез татым ашканасында болгон кырсык.
«Антошка» тез татым ашканасында болгон кырсык.

Бишкек шаарындагы мектептердин, бала бакчалардын жана тез татым жайларынын өрт коопсуздугу боюнча текшерүү жүрөт. Бул тууралуу мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев маалымдады. Мындай чечим мэриянын жыйынында кабыл алынып, тийиштүү органдарга тапшырма берилди.

8-ноябрда Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги «Антошка» тез татым ашканасында жарылуу болуп, 21 жаштагы жумушчу кыз ошол жерде мерт болгон. Андан тышкары ондон ашык адам жабыркаган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) өрттүн аянты болжол менен 100 чарчы метрди түзгөнүн, кырсыктын себеби такталып жатканын кабарлады. Алгачкы маалыматтар боюнча газ баллон жарылган. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция Бишкектеги жарылуу болгон «Антошка» ашканасынын ээсине ушул жылдын 27-февралында да айып салынганын кабарлады. (TSh)

XS
SM
MD
LG