Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азиядагы эң негизги маселелердин бири катары бул чек аралардын юридикалык жактан жол-жобосу бүтпөй жатканын айтты. Бул тууралуу өлкө башчы бүгүн, 12-ноябрда, Бишкектеги Ала-Арча мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан, Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада кеп кылды:
- Чек арадагы туруктуулукту сактоо чектеш мамлекеттердин ортосундагы кызматташтыкты тереңдетүүгө жагымдуу шарт түзөт. Коңшу мамлекеттер менен болгон чек араны тактоо жана аны юридикалык жактан тууралаштыруу процессин тездетүүгө умтулабыз.
Жээнбеков чек ара маселеси бир жаңсыл чечилсе мамлекеттердин экономикалык дараметин толук пайдаланууга жана өз ара кызматташтык боюнча долбоорлорду ишке ашырууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирди.
16-сентябрда Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын жерде, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.
Учурда эки тараптын мамлекеттик комиссияларынын ортосунда чек арадагы такталбаган тилкелер боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450 чакырымы тактала элек. (BTo)