Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:28

Жаманкулов: Урмат Усеновго жумушту өзүм сунуш кылдым


Урмат Усенов.
Урмат Усенов.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов эстрада ырчысы Урмат Усеновду кеңешчи кылып алышы боюнча «Азаттыкка» комментарий берди. Жаманкуловдун айтымында, Усенов штатта айлык алып иштейт. Министрдин айтымында, ырчы буга чейин бир нече жолу маданият тармагы боюнча сунуштары менен келип жүргөн.

- Өзүм сунуш кылдым. Урмат мырза бир канча жолу келип, идеяларын айтып иштешели деген.

Эстрада ырчысы 38 жаштагы Урмат Усенов «Музыкалык фонограммалардын укук ээлери ассоциациясынын» башчысы экени белгилүү. Ырчы социалдык тармактарда саясий окуяларда өз пикирин байма-байма жазып турат. (TSh)

XS
SM
MD
LG