Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 6-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 08:24

Бакиевдин атын көчөгө коюу боюнча токтом жокко чыгарылды


11-ноябрда Ноокен айылдык кеңешинин кезексиз сессиясы өтүп, анда 2019-жылдын 8-августундагы Ноокен айыл аймагынын Курулуш айылындагы Курулуш 3 участкасына Курманбек Бакиевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө № 4 токтом жокко чыгарылды. Бул тууралуу аталган жергиликтүү кеңеш кабарлады.

Сессияга 21 депутаттын 17си катышты. Аларга Курманбек Бакиевдин ысымы негизсиз ыйгарылганы тууралуу айрым жергиликтүү тургундар кайрылган.

9-ноябрда Ноокен районунун Рахманжан айылынын көчөлөрүнүн бирине мурдагы президент Курманбек Бакиевдин аты коюлганы белгилүү болгон.

Курманбек Бакиев Кыргызстанды 2005-2010-жылдары башкарган. 2010-жылдын апрелинде элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн качып кеткен бойдон үй-бүлөсү жана бир туугандары менен Беларустун борбору Минск шаарында жашайт. (RsK/TSh)

Пикирлерди көрүңүз (6)

XS
SM
MD
LG