Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 21:01

Финпол: Айеркен Саймаитиге сентябрда издөө жарыяланган


Айеркен Саймаити.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматты (Финансы полициясы) тарабынан Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге сентябрь айында издөө жарыяланган. Бул тууралуу «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматкери Анастасия Пискур билдирди.

Буга чейин Саймаити кыргыз милициясында алдамчылыкка шектүү катары издөөдө жүргөнү аныкталган.

«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган. (TSh/BkA)

Кененирээк: ​Миллиондордун изи: ишкер Саймаитини өлтүрүп кетишти

Пикирлерди көрүңүз (17)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG