Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:45

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу кызматтан алынды


Стамбул. Иллюстрациялык сүрөт.
Стамбул. Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин аппарат маалымдады. Бирок чечимдин себеби айтылган жок.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда өлтүрүлгөн ишкер Айеркен Саймаитиге таандык экени айтылган автоунаанын чоо-жайын тактап жатканы айтылган.

«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөнү кабарланды. Ал окко учкан жердин жанында анын автоунаасы табылганы жана машинеге консулдуктардын бирине таандык экени айтылган жасалма номер тагылганын түрк басылмалары жазып чыккан.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени айтылган. (TSh)

XS
SM
MD
LG