Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

Жунусов: Өзбекстан менен чек аранын айрым тилкелери жакында чечилет


Ибрагим Жунусов (солдо).
Ибрагим Жунусов (солдо).

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы айрым тилкелер жакында чечилерин “Азаттыкка” билдирди. Элчинин айтымында, жакында эки өлкөнүн лидерлери жолугуп, маселеси чечилген чек ара тилкелерине кол коюшу күтүлүүдө.

- Чек аранын 85% чекит коюлду, 15% калды. 15% бөлүгүнүн 6-7% оозеки бүттү. 28-29-ноябрда эки президент жолугат, ошондо чечилет деп ойлойм. 28-29-ноябрда Борбор Азия лидерлери Ташкентте жолугат, - деди ал.

Кыргызстан Өзбекстан менен 1374 чакырым аралыкта чектешет. 12-ноябрда, Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан, Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада президент коңшу мамлекеттер менен чек араны тактоону тездетерин айтты. Президент Сооронбай Жээнбеков Борбор Азиядагы эң негизги маселелердин бири - бул чек аралардын юридикалык жактан жол-жобосу бүтпөй жаткандыгы экенин эске салды. (TSh)

XS
SM
MD
LG