Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
ишемби, 7-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 13:31

Мексика Эво Моралеске башпаанек берди


Эво Моралес.

Боливиянын кызматтан кеткенин жарыялаган президенти Эво Моралес Мексикага учуп келди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн тышкы иштер министри Марсело Эбрард билдирди. Мунун алдында Мексиканын бийлиги Моралестин өмүрүнө коркунуч жаралганын, ошондуктан гуманитардык себептен жана бозгундарды калкалоо сыяктуу калыптанып калган салттан улам ага саясий башпаанек берерин жарыялаган. Моралес да Мехикого кагаз түрүндө жардам сурап кайрылган.

Жекшембиде Боливиянын Куралдуу күчтөрүнүн башчысы Уильямс Калиман президентти бийликти тапшырууга чакырган. Ошондон кийин Моралес боливиялыктарга сыналгы аркылуу кайрылып, кызматын тапшырарын жарыялады.

Ал Боливияны 13 жылдан бери башкарып келаткан.

Моралес менен кошо вице-президент, парламенттин эки палатасынын спикерлери, ошондой эле бир катар министрлер жана алардын орун басарлары, губернаторлор кызматтан кетти.

Бул өлкөдө массалык нааразылык 20-октябрда өткөн президенттик шайлоодон соң башталган. Ал шайлоодо Эво Моралес төртүнчү жолу өлкө башчылыгына шайланганы жарыяланган болчу.

Анда Моралес 47 пайыз, ал эми анын негизги атаандашы, оппозициячыл саясатчы Карлос Меса 36 пайыз алганы кабарланган.

Меса шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялап, ошондон кийин анын тарапкерлери көчөгө чыгышкан эле.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG