Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:51

Трамп Зеленский менен телефондон сүйлөшкөн алгачкы маегинин текстин жарыялайт


Дональд Трамп менен Владимир Зеленский.
Дональд Трамп менен Владимир Зеленский.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп 21-апрелдеги, Украинанын президенти Владимир Зеленский президент болуп шайланганда алгач ирет телефон менен сүйлөшкөн маегинин текстин жарыялай турганын билдирди. Ал «Твиттердеги» баракчасына: «Тарыхтагы эң ачык-айкын президент катары мен ушул жуманын ичинде Украинанын президенти менен эң алгачкы, эң маанилүү телефондук сүйлөшүүмдү жарыялайм», деп жазды.

Трамп Өкүлдөр палатасындагы президентке импичмент жарыялоо жараянынын алкагында, коомдук талкуунун алдында ушундай билдирүү жасады.

Коомдук талкуу 13-ноябрда башталат. Алгач АКШнын Украинадагы элчиси Уильям Тейлор, мамлекеттик катчынын жардамчысынын орун басары Жорж Кент, 15-ноябрда болсо АКШнын Украинадагы мурдагы элчиси Мари Йованович көрсөтмө берет.

АКШда президентке импичмент жарыялоо жараянына жеткирген саясий жаңжал Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин 25-июлдагы телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн улам башталган.

Атайын кызматтагы булак анда «Кошмо Штаттардын президенти өзүнүн башкы саясий атаандашы, мурдагы вице-президент Жо Байден менен анын уулу Хантер Байдендин Украинада эмне иш кылып жүргөнүн иликтөөгө ынандырган» деп маалымат берген.

Демократтар басымдуулук кылган Өкүлдөр палатасы Трампты «ыйгарым укугунан аша чапты» деп айыптап, ага импичмент жарыялоо жараянын баштап жиберген.

Бирок Трамп дооматтардын баарын четке кагып, муну «президентке ыдык көрсөтүү аракети» деп баалаган.

XS
SM
MD
LG