Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги «Рейндж Ровер» автоунаасынын номуру Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулдугуна таандык экенин маалымдады. Ал эми жолтандабас окуядан кийин жумуштан алынган башкы консул Эркин Сопоковдуку болгон.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, Сопоков автоунаасын сатыш үчүн «Рамадан туризм» автосалонуна берген. Сопоков кандуу окуя болгон жерде эмнеге анын машинеси турганын түшүндүрүп бере алган эмес. Тышкы иштер министрлиги ал кызматтык эрежени бузганы үчүн кызматтан алынганын белгилейт.
Ошондой эле министрлик тараткан маалыматта Сопоков буга чейин да эрежелерди бузганы жазылган. Ага ылайык, Сопоков айдоочусу Хавазов менен жол эрежесин бузуп, консул сөгүш алып, айдоочу кызматтан бошотулган. Прокуратура тарабынан Сопоков 2017-жылдын бирдиктүү декларация тапшырбаганы аныкталган.
«Азаттыктын» «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө кеп болгон жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында өлтүрүлгөн. Ал окко учкан жердин жанында анын автоунаасы табылганын жана машинеге консулдуктардын бирине таандык экени айтылган жасалма номер тагылганын түрк басылмалары жазып чыгышкан.
11-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду.
Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу «Азаттыкка»Түркиянын Адана шаардык ички иштер бөлүмү билдирди.
Баштапкы маалыматка ылайык, кармалгандардын экөө кыргызстандык, бирөө сириялык болгон. Алардын биринин паспорту жасалма болуп чыккан. Эки кыргызстандык Түркияга бир ай мурун келгени кабарланды. Азырынча окуянын чоо-жайы боюнча кенен маалымат бериле элек.
Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. (TSh)