Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 15-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 01:53

Футбол: Кыргызстан-Жапония оюнуна бардык билеттер сатылып бүттү


Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион.

Кыргызстан менен Жапониянын Бишкекте өтө турган футбол таймашына бардык билеттер сатылып бүттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Футбол федерациясы билдирди.

«Тилекке каршы, биздин стадион бул оюнду көргүсү келген бардык каалоочуларды батыра албайт, ошондуктан күйөрмандар үчүн кошумча аянтча болот», деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө.

2022-жылы Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын беттеши Бишкекте 14-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот.

Билеттер секторго жараша сатылды. Стадиондун чыгыш тарабы 350 сом, түштүк тарабы (дарбазанын арты) 250 сом, ал эми батыш тарабындагы орундуктардын баасы 500 сом болду. (GT)

Пикирлерди көрүңүз (9)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG