Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:58

Суунун сапатын талкуулаган семинар жыйынтыкталат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 13-ноябрда Бишкекте Борбор Азия аймагындагы таза суунун сапатын талкуулаган эл аралык семинар жыйынтыкталат. Иш-чараны Борбор Азиядагы Америка университети Европа Биримдигинин долбоорунун алкагында уюштурду.

Талкууга Казакстандан, Өзбекстандан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Ооганстандан жана Европанын бир катар мамлекетинен суу ресурстары боюнча адистер катышты. Агын сууга, таза суу менен камсыз кылууга жана суунун сапатына байланыштуу маселелер талкууланды. Европанын тажрыйбасынан мисалдар келтирилди.

Адистердин айтымында, Борбор Азия аймагында бул тармактагы маселелерди чечүүдө илимий-техникалык кызматташтык маанилүү роль ойнойт.

Кыргызстандагы жалпы 1800 айылдын 600гө жакынында таза суу жок. Калкты таза суу менен камсыз кылуу президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо өнөктүгү маалында берген негизги убадаларынын бири болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG