Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жума, 13-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 23:01

Мурдагы мэрлердин соту уланат


Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимов. Коллаж.

Бишкектин Ленин райондук сотунда бүгүн, 13-ноябрда баш калаанын мурдагы жетекчилери Кубанычбек Кулматовго жана Албек Ибраимовго, жалпысынан 13 кишиге козголгон кылмыш ишин кароо уланат.

12-ноябрдагы отурумда судья адвокаттардын мэриядан мамлекетке келтирилген зыян тууралуу маалымат алуу, комиссиялык негизде комплекстүү курулуш-техникалык экспертиза дайындоо тууралуу өтүнүчтөрүн канааттандыруудан баш тартты.

Ал эми кошумча күбө чакыруу жөнүндө өтүнүч колдоо тапты.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп соттолуп жатат.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Экөө тең Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурушат. Алар күнөөсү жок экенин айтып жатышат.

4-ноябрда сөз экс-мэрлерге берилген. Бирок экөө тең сотко көрсөтмө берүүдөн баш тартып, «негизсиз коюлуп жаткан айыптар үчүн эч кандай актанбаш керек» деп билдиришкен. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (6)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG