Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:50

Мектеп окуучулары арасында online олимпиада уюштурулат

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда мектеп окуучулары арасында альтернативдик олимпиада уюштурулат. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, бул олимпиаданын айырмасы – окуучулар ага Интернет аркылуу online катыша алышат.

Кененирээк маалымат бүгүн 13-ноябрда Бишкекте өтө турган басма сөз жыйынында берилет. Ага министрликтин жетекчилиги, жооптуу кызматкерлери катышат.

Кыргызстанда 2265 мамлекеттик мектеп бар. Аларда 1 миллион 200 миң бала билим алат.

Республикалык жалпы олимпиада жыл сайын төрт этап менен өткөрүлүп турат. Алгачкысы ноябрда, акыркысы март айында болот. (RK)

XS
SM
MD
LG