Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Жаш бийчилердин алгачкы эл аралык сынагы өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкекте алгачкы жолу балет мектептеринин жана элдик чыгармачыл топтордун окуучуларынын эл аралык сынагы өтөт. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз катчысы Айнура Асанбаева билдирди.

16-17-ноябрь күндөрү өтө турган сынакты эл аралык «Youtn America Grand Prix» (YAGP) уюму уюштурууда. Анын максаты – 9-19 жаштагы бийчилерге колдоо көрсөтүп, алардын чыгармачылыгын өркүндөтүүгө шарт түзүү. Баш байгени уткан жаш бийчилер АКШнын жана Европанын алдыңкы бий академияларында акысыз окууга мүмкүнчүлүк алышат.

Сынак Чолпонбек Базарбаев атындагы көркөм өнөр окуу жайында өткөрүлөт. Бул окуу жайына бийге шыгы бар улан-кыздар 4-класстан кийинки куракта кабыл алынат. (RK)

XS
SM
MD
LG