Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча камалгандарды бошотууну талап кылды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 7-8-августта Кой-Таштагы окуяга тиешелүү катары кармалгандарды бошотууну талап кылды. Бул тууралуу Атамбаевдин 13-ноябрда тараткан билдирүүсүндө айтылат.

«Эгерде кандайдыр суроолор болсо, аларды мага беришсин. Мага канча абак мөөнөтүн беришпесин, бул бийликтин тушунда мен баарына даярмын. Бирок 7-8-августтагы окуялардын шылтоосу менен камалгандардын баары бошотулууга тийиш. Алардын болгон күнөөсү – акыйкатка, мыйзамдарга, өлкө Конституциясына ишенгени... Камалгандардын дарегине айтылып жаткан бул күнөөлөр - ойго келбеген сандырактык жана бул адамдардын өзүлөрү шек саналып жаткан нерсеге эч кандай тиешеси жок».

Мурдагы президент өзүнүн кармалышын жана Кой-Таштагы үйүндө ок атылганын мыйзамсыз деп атаган. Мамлекетти башкарып турганда таза иштегенин, айрым досторуна жана жардамчыларына, күч түзүмдөрүнө абдан ишенгенин кайталаган.

7-8-августта Кой-Таш айылындагы үйүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы жүргөн. Анда мурдагы президенттин тарапташтары каршылык көрсөтүп, эл менен кагылышуунун натыйжасында УКМКнын «Альфа» атайын түзүмүнүн кызматкери полковник Үсөнбек Ниязбеков курман болуп, ар түрдүү жараат алган 175 адам ооруканага кайрылган.

Башкы прокуратура Атамбаев бир нече оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча шек саналып жатканын билдирген. Ал азыр УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG