Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

Ишкерлерди тейлөө борборлору түзүлөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз өкмөтү бизнес жүргүзүү боюнча ишкерлерди колдоо жана аларга так маалымат, кеңеш берип туруу максатында аймактарда “Ишкерлерди тейлөө борборлорун” түзүүнү пландап жатат. Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, борбордун кызматын Ош, Жалал-Абад жана Баткен шаарларындагы ишкерлер пайдаланууда.

Бүгүнкү күнү өкмөт ишкерликти өнүктүрүш үчүн зарыл шарттар түзүлүп, жаңы түзүлгөн ишканаларга 5 жылдан 10 жылга чейин салык төлөөдөн бошотуу каралганын билдирүүдө. Алар – мүлк салыгы, жер салыгы, пайда салыгы жана сатуудан түшкөн салык.

Мындан тышкары айыл чарбасында чийки затты кайра иштетип жаткан ата мекендик ишканалардын субъектилери (акциздик товарлардын тобунан тышкары) кошумча нарк салыгын 80% азайтуу менен төлөшөт.

Ошондой эле ата мекендик өндүрүмдү экспорттоого тийиштүү шарт түзүү максатында аймактарда ветеринардык лабораториялар иштеп жатат. Лабораториялык жабдууларды, диагностикумдарды жана биодарыларды сатып алуу үчүн өкмөт 150 млн сом бөлүп берген.

Кыргызстан 2015-жылы Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) кошулгандан кийин өлкөдө азык-түлүктөрдү, жашылча, мөмө-жемиш жана кургатылган жемиштерди сактоочу 20дан ашык соода-логистикалык борбор курулары айтылган. Өкмөт мунун баары 2023-жылга чейин салынышы, андан да аны мамлекет эмес, жеке тарап курушу керек экенин билдирет.

Кыргызстандагы ири соода-логистикалык борборлордун жана чакан кампалардын бардыгы менчик, жеке ишкерлерге караштуу. Алар мындай борборлорду негизинен өз каражатына же насыя алып салып жатышат. Бирок эксперттер муну жолго коюп өркүндөтүш үчүн борборлорду ирилештирип, мамлекет өзү курушу керек эле деп эсептешет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG