Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Активисттер кыргыз-тажик чек арасын тезинен аныктоону өтүнүштү


Баткен. Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл.
Баткен. Максат айылы. 17-сентябрь, 2019-жыл.

Жарандык активисттер жана Баткен облусундагы Лейлек районунун Катыраң айылдык кеңешинин депутаты Сапарали Бөрүбаев, Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Шаирбек Орозалиев бүгүн, 13-ноябрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүштү. Алар кыргыз-тажик чек арасын аныктоо маселесин чечүүдө кыргыз бийлиги чабалдык кылып жатканын белгилешти. Юрист Аскат Осмонов облуска өзгөчө макам берип, жергиликтүү бийликтин ыйгарым укуктарын кеңейтүүнү сунуш кылды. Ал бир эле Арка айылында 50дөй үй Тажикстандын жарандарына сатылып кеткенин, учурда оор турмуштан улам үй-жайын сатууну каалаган жарандар көбөйгөнүн айтты.

Басма сөз жыйынынын катышуучулары тажик тарап чек ара маселесин Кыргызстансыз эле бир тараптуу чечип жатканын белгилешти.

16-сентябрда Баткен облусундагы Лейлек районуна караштуу Максат айылына жакын жерде, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон. Анын кесепетинен кыргызстандык чек арачы Равшан Муминов курман болуп, 13 адам жаракат алган. Ал эми Тажикстан кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан үч чек арачысы каза болгонун кабарлаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын тактоо боюнча эки тараптуу жумушчу топ бул жумада Лейлек районунун аймагында иштеп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков Тышкы иштер министрлигинин 75 жылдыгына карата уюштурулган иш-чарада Борбор Азиядагы эң негизги маселелердин бири катары чек аралардын юридикалык жактан жол-жобосу бүтпөй жатканын айткан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы 970 чакырым, анын 520 чакырымы эки тараптуу такталган, 450 чакырымы тактала элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG