Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:03

Мориясу: Эртең биз күчтүү футбол командасы менен беттешебиз


 Хадзимэ Мориясу.
Хадзимэ Мориясу.

Журналистер үчүн басма сөз жыйынында Жапониянын футбол боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Хадзимэ Мориясу ушундай оюн билдирди. Ал Кыргызстан мыкты команда экенин белгиледи:

- Биз Кыргызстан менен буга чейин беттешкенбиз. Күчтүү команда. Эртеңки беттеш жакшы болот деп ойлойм. Тажикстан менен ойногондо коргонууда катачылыктар болгон. Мунун баарын карап чыктык. Кандай болгон күндө да көзгө толумдуу футбол көрсөткөнгө даярбыз.

Жапониянын курама командасынын машыктыруучулар штабы жана 23 футболчусу 11-ноябрда Бишкекке келген. 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагындагы Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын беттеши 14-ноябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан. 2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. (GT)

XS
SM
MD
LG