Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Жунушалиев: Саймаити эл аралык издөөдө болгон


Кашкар Жунушалиев.
Кашкар Жунушалиев.

Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге 2017-жылы Кыргызстанда Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, эл аралык издөөдө болгон. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүн, 13-ноябрда парламент жыйынында билдирди:

- Айеркен Саймаитиге 2017-жылы өзүнүн өнөктөшү, кытай жаранынан 3 млн. 28 миң 168 доллар турган товарды жана акчаны алдап кеткен факты боюнча, Кылмыш кодексинин «Алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, ага эл аралык издөө жарыяланган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Түркияда өлтүрүлгөн кытайлык ишкер Айеркен Саймаитиге сентябрь айында издөө жарыяланганын 12-ноябрда билдирген. Аталган мекеме ишкер кайсы иш боюнча изделип жатканын кабарлаган эмес.

Стамбулда 10-ноябрда киши колдуу болгон кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү боюнча Кыргызстанда жаңы жагдайлар ачыкка чыгууда. Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов буга чейин издөөдө болгон Саймаити Кыргызстанга 5 млрд. сом салык төлөбөй жүргөнүн 13-ноябрдагы парламент жыйынында айтты.

Алгач бир учурда Кыргызстанда ишкердик менен алектенген Саймаитини өлтүрүүгө шектүү катары үч адам Түркияда кармалганы белгилүү болгон. Түркиянын Адана шаардык полициясынын башчысы Атилла Кылыч «Азаттыкка» кармалгандардын экөө кыргызстандыктар экенин кабарлаган.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кармалгандардын жанында паспорту болбогонун, кылмышка шектүүлөр оозеки гана маалымат беришкенин билдирди.

Саймаити өлтүрүлгөн жерде токтоп турган «Рейнж Ровер» үлгүсүндөгү жол тандабас Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулу Эркин Сопоковго таандык экени ачыкка чыккан. Буга кошумча аталган автоунаада тагылган дипломатиялык номер консулдуктун каттоосунда болгон.

11-ноябрда президент Сооронбай Жээнбековдун жарлыгы менен Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулган.

Кытай жараны Айеркен Саймаитинин ысымы «Азаттыктын» быйыл май айынын соңунда жарыялаган «Кыргызстандан чыгарылган миллиондордун изи» аттуу иликтөөсүндө аталган. Анда 700 млн. доллардын тегерегиндеги каражат Айеркен Саймаити аттуу кытайлык жаран аркылуу бир нече жыл бою күмөндүү жолдор менен Кыргызстандан чыгарылып келгени тууралуу кеп болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG