Бишкектеги Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча сот жараянында «Электр станциялары» ишканасынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров мындан ары көрсөтмө бербейт. Бул тууралуу 13-ноябрда анын жактоочусу Бишкектин Свердлов райондук сотунда өтүп жаткан жараянда билдирди:
- Назаров ушуга чейин бардык маселелер боюнча көрсөтмө берди. Биз өзүбүздүн позициябызды так айттык. Мен адвокат катары менин коргоомдогу адам бардык суроолорго жооп бербей турганын билдирем. Биз бардык суроолор боюнча так жана калыс маалымат бердик деп эсептейбиз.
Назаров жактоочусунун сунушун колдоду. Сотко төрагалык кылуучу Инара Гилязетдинова көрсөтмө берүүдөн баш тартуу алардын укугу экенин айтты.
Бүгүн, 13-ноябрдагы соттук жараянда Жолдошбек Назаров көрсөтмө бере баштаган. Ал «Коррупция» беренеси менен коюлуп жаткан айыпка макул эмес экенин айтып, судьядан анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүндү. Ал буга чейин берген көрсөтмөсүндө ЖЭБ ишинде айыпталып жаткандардын көбү менен жакындан тааныш болбогонун, ЖЭБ келишимин түзүү боюнча иштерде ага басым болбогонун айтты.
2018-жылы январь айында ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир жума бою жылуулуксуз калган. Териштирүүдөн кийин оңдоп-түзөө иштеринде коррупция бар экени аныкталып, кылмыш иши козголгон. Буга байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов камакка алынган. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айып коюлган. Буга чейин сотто мурдагы премьер-министрлер суралган. Учурда Темирлан Бримкулов көрсөтмө берип жатат. (BTo)