Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:00

ETNAM: Кытайда уйгурлар камалып турган 500дөй лагерь бар


Бээжин мындай жайларды «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келет.
Бээжин мындай жайларды «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келет.

Кеңсеси Вашингтондо жайгашкан «Чыгыш Түркстан» улуттук козголуу кыймылы (ETNAM) Кытайда мусулман азчылыктар кармалып турган 500гө жакын лагерь жайгашкан жерлерди таап чыкты. Аталган уюм 12-ноябрда ушундай 182 жай туралуу алгачкы маалымат таратты. Калган 209 түрмө менен 74 эмгек лагери тууралуу кийинчерээк айтыларын билдирди.

ETNAM бир жыл бою «Google Earth» сервисинин жардамы менен маалымат топтогон. Уюмдун өкүлү Кайл Олберт «France-Presse» маалымат агенттигине буга чейин мындай жайлардын 40 пайызы тууралуу буга чейин белгисиз болгонун кабарлады. Ушундан улам ал лагерлерде кармалып тургандардын саны Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинен да алда канча көп болушу мүмкүн экенин эскертти.

Өткөн аптада АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Бээжинди уйгурларды куугунтуктоону токтотуп, мыйзамсыз кармалып турган адамдардын баарын тезинен бошотууга чакырган.

БУУнун эсебинде ушул тушта мындай жайларда бир миллиондой уйгур жана башка мусулман азчылыктардын өкүлдөрү эркинен тыш кармалып турат.

Бээжин мындай дооматтарды четке кагып, андай жайларды «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап келе жатат.

XS
SM
MD
LG