Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:29

Жекшеев: КТРКны коомдук канал кыла албай койдум


Жыпар Жекшеев.

Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагалыгынан жана мүчөлүгүнөн кетүү тууралуу арыз жазды. Бул маалыматты “Азаттыкка” өзү ырастады. Ал каналды коомдук кыла албай койгонун, буга мыйзамдык карама-каршылыктар да тоскоол болгонун билдирди:

- Мен кечээ арыз жазып бердим. Чынында эле менин колумдан көп нерсе келбей койду, коомдук телеканал кыла албай койдум. Мыйзамдын өзүндө мамлекеттик жана коомдук деп карама-каршылыктар бар экен. Мен чайналып кеттим. Башка себеп жок. Балким менден кыйын жаштар келип иштесе оңдойт деп ойлойм.

Жыпар Жекшеев былтыр июнда Коомдук телерадиокорпорациянын Байкоочу кеңешинин башчылыгына экинчи мөөнөткө шайланган. Мыйзамга ылайык, төраганын арызы парламентте каралат жана андан кийин жаңысы тандалат.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат. Жыпар Жекшеевди мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сунуш кылган. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (30)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG