Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:59

Кыргызстан Өзбекстандын өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылдын башынан бери Өзбекстандан келген өндүрүмдөр Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) фитосанитардык карантиндик талаптарына жооп бербеген 356 факт катталган.

Анын ичинде 10 жолу ууланган өндүрүм келген. Аталган мекеме тараткан кабарга ылайык, акыркы жолу Өзбекстандан ташылып келген анардын ууланганы аныкталган.

Товар Өзбекстандын фитосанитардык көзөмөлүнүн сертификаты менен келген. Оштогу лабороториянын текшерүүсүнөн өткөндө «Grapholitha molesta Busck» вирусу менен ууланганы белгилүү болгон.

«Мындан кийин Өзбекстандан келген 35,25 тонна башка товарлар да «Достук» бекетинен өткөрүлгөн жок. Фитосанитардык карантиндик текшерүүдөн өткөндө 35,25 тонна өндүрүмдүн (курма, бий алма ж.б) фитосанитардык сертификаты жараксыз жана кутусунда этикеткасы жок экени такталган», - деп жазылат мекеме тараткан маалыматта.

ЕАЭБдин талаптарына жана Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, карантиндик товарларды Өзбекстандан ташып келүүгө тыюу салынышы мүмкүн. Министрликтин карамагындагы Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти кошуна өлкөнүн тийиштүү мекемесине өсүмдүк азыктарына убактылуу чектөө киргизилип жатканы жөнүндө кат жөнөттү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG