Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:24

Футбол федерациясы билети жок күйөрмандарга өтүнүч менен кайрылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Футбол федерациясы Бишкекте өтө турган Кыргызстан-Жапония оюнуна билети жок күйөрмандарды «стадионго келбегиле» деп өтүнүүдө.

«Стадионго мыйзамсыз жол менен кирүүгө же дубалдан ашып түшүүгө аракет кылбаңыздар. Австралиянын курама командасы менен беттештеги катаны кайталабайлы. ФИФАнын Тартип комитети бизге үч-төрт жолу эскертүү берген. Эгер кайра эреже бузулса, Кыргызстандын курама командасы Бишкекте эмес, көрүүчүлөрсүз, чет жерде ойноп калат»,- деп айтылат федерациянын кайрылуусунда.

Федерация стадионго билет ала албай калган күйөрмандарды Бишкектеги эски аянтка чакырып жатат. Ал жерде чоң LD экран орнотулат. Өлкө аймагы боюнча «КТРК Спорт» каналы түз эфирде көрсөтөт.

2022-жылы Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Ага тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан менен Жапониянын курама командаларынын беттеши 14-ноябрда Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо болот. Оюн 17:15те башталат. (GT)

Футбол: кызыктын баары алдыда
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:18 0:00

XS
SM
MD
LG