Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Швецияда ирандык жаран оор кылмыштарга шектүү катары кармалды


Хамид Нури.
Хамид Нури.

Швецияда 1988-жылдын жайында Иранда жасалган оор кылмыштар үчүн шектүү деген негизде, ирандык 58 жаштагы жаран камакка алынды.

Хамид Нури Стокгольм шаарына өткөн дем алыш күндөрү туугандарына жолукканы учуп барган. Полиция аны аэропорттон кармап кеткен.

Ирандык активисттер ал адам ошол жылы түрмөдө бир нече миң саясий туткунду, анын ичинде студенттерди өлүм жазасына тартууда чоң роль ойногонун айтууда.

Адвокат Нуринин күнөөсү жок экенин, полиция таптакыр башка адамды камаганын билдирип жатат.

1988-жылы Бириккен Улуттар Уюмунда Ирандагы адам укуктары тууралуу резолюция кабыл алынган. Анда бул өлкөдөгү саясий себеп менен өлүм жазасына тартууга байланыштуу тынчсыздануу айтылган. (RK)

XS
SM
MD
LG