Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Башкы прокуратура: Бишкек милициясында 20 кылмыш иши жоголгон


Иллюстрациялык иш.
Иллюстрациялык иш.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө 20 кылмыш иши жоголгон факты аныкталды.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы мындай факт ар кандай кылмыштар боюнча айыпталып жаткандарды издөөгө байланыштуу токтоп турган иштерди текшерүү учурунда ачыкка чыкканын маалымдады.

Материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин «Шалаакылык» беренесинин негизинде катталды. Сотко чейинки өндүрүш иштери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке тапшырылды.

Буга чейин Башкы прокуратура Ош шаардык милициясында жаңы жылдан бери 64 кылмыш иши жок кылынганы аныкталганын жарыялаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG