Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Благовещенскиде коллеждин студенти ок атып эки киши көз жумду


Амур облусундагы курулуш жана коммуналдык чарба техникалык коллежи.
Амур облусундагы курулуш жана коммуналдык чарба техникалык коллежи.

14-ноябрда Орусиянын Амур облусунун борбору Благовещенск шаарында коллеждин студенти өзүнө катталган мергенчилик мылтыгынан ок аткан окуядан бир киши өлүп, үчөө жарадар болду. Баштапкы маалыматтарда ок аткан студент аягында өзүнө ок чыгарган.

Ал эми жаракат алган студенттер 17, 19 жана 20 жашта болушкан жана алардын экөөнө операция жасалган.

Күбөлөрдүн айтымында, окуя эртең мененки саат 10дордо Амур курулуш жана коммуналдык чарба коллежинде болгон.

Айрым маалыматтар боюнча студент сабакка кечигип келгени үчүн, башка бир маалыматтарга караганда коридордо чылым чеккени үчүн эскертүү алып, андан кийин өзү менен кошо ала келген мылтыктан ата баштаган. Кийин ал имаратты курчоого алган полиция кызматкерлерин көздөй да ок аткан.

18 жаштагы кылмышка шектүү студент аягында мылтыгынын огун өзүнө жумшап, жандан кечкен.

XS
SM
MD
LG