Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:58

Кыргызстандын волейболчу кыздары коло байгелүү болду (видео)


Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы. Дакка, Бангладеш.
Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы. Дакка, Бангладеш.

Кыргызстандын волейбол боюнча кыз-келиндер курама командасы Азиянын аймактык чемпионатында (Борбордук зона) коло байгеге ээ болду. Кыргызстандын Волейбол федерациясынын расмий сайтындагы маалыматка таянсак, мелдеш ушул күндөрү Бангладештин Дакка шаарында өтүп жатат.

Мелдешке Ооганстандын, Мальдивдин, Бангладештин, Непалдын жана Кыргызстандын командалары катышты. Тайпалык мелдеште командалар өз ара бирден оюн ойношту. Кыргызстандын командасы тайпалык мелдеште Ооганстанды утуп (3:0), Непал (0:3), Мальдив (2:3) жана Бангладеш (2:3) командаларына жеңилип, коло байге үчүн таймашка мүмкүнчүлүк алган.

3-орун үчүн беттеште кыргыз волейболчулары талаа ээлери бангладештиктерди үч партияда жеңип, коло байге алышты.

Волейбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Азиянын аймактык чемпионаты. Коло байге үчүн беттеш. Бангладеш - Кыргызстан 0:3

Бул чемпионаттын финалдык беттешинде Непал жана Мальдив командалары ойнойт.

Быйыл алгачкы жолу уюштурулган волейбол боюнча кыз-келиндер арасындагы Азиянын аймактык (Борбордук зона) чемпионаты 7-ноябрда башталган. (ECh)

XS
SM
MD
LG