Ирактын баш калаасы Багдадда 14-ноябрда демонстранттар менен коопсуздук күчтөрү кагылышып, төрт киши курман болду.
Жергиликтүү бийлик жарадарлардын саны 60тан ашканын билдирди. Маалыматтарга караганда окуя Тахрир аянтынан алыс эмес жерде болгон. Иракта бийликке каршы демонстрациялар 1-октябрда башталган.
Көчөгө чыккандар коррупцияга, жумушсуздукка, электр энергиясы менен суунун улам-улам өчүрүлгөнүнө нааразы болуп жатышат. Тоз-тополоңдон улам бир жарым ай аралыгында бери дегенде 320 адам мерт болду.
Демонстрациялар негизинен Багдадда жана өлкөнүн шииттер байырлаган түштүк провинцияларында токтобой келет.