Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:12

Казакстан: камактагы жарандык активисттин дайыны белгисиз


Жарандык активист Дулат Агадилди кармоо учуру.
Жарандык активист Дулат Агадилди кармоо учуру.

Казакстандык укук коргоочулар Акмоло облустук полициясынын «камактан чыгарына бир күн калган жарандык активист Дулат Агадил түрмөдөн качып кетти» деген маалыматына тынчсыздануусун билдирүүдө.

Активисттин жубайы Гүлнар Касымханова жана ондогон жактоочусу Нур-Султан шаарындагы Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин имаратына чогулушуп, Агадилдин кайда экендиги тууралуу кенен маалымат берүүнү талап кылышты.

Ички иштер министрлигинин өкүлү Карим Касымовдун айтымында, Агадил 13-ноябрда камерадан чыгып, коридордо басууга уруксат берилген учурда убактылуу тергөө абагынын ачык турган эшигинен качып кеткен. Бирок активисттин жубайы жана укук коргоочулар Агадил сабалган же өлтүрүлгөн болушу мүмкүн деп чочулашууда. Казакстандын түрмөлөрүндө зордук-зомбулук көп катталат. Дулат Агадилдин адвокаты Данияр Актанов «Эркин Европа/Азаттык» радиосуна активисттин кайда экенин билбей турганын айтты.

42 жаштагы активист полициянын мыйзамдуу талабына баш ийген эмес деп айыпталып, 4-ноябрда 10 күнгө камалган. Ошондуктан анын жакындары жана тарапкерлери бүгүн чыгат деп келишкен. Бирок Ички иштер министрлигинин өкүлү Карим Касымов активисттин дагы беш күн камак жазасы болгонун, бул ага сотту урматтабаганы үчүн берилгенин айтып жатат.

Жарандык активист Дулат Агадил быйыл жыл башында да акция уюштурганы үчүн 10 күнгө камалып чыккан.

XS
SM
MD
LG