Ушул тапта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүп жаткан Кыргызстан жана Жапониянын футбол боюнча улуттук курама командаларынын беттешинде жапон футболчулары эки гол киргизип алдыда бара жатат.
2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын алкагында болуп жаткан бул беттештин 39-мүнөтүндө Кыргызстандын дарбазачысы Кутман Кадырбеков жапон футболчусуна карата орой ойноду деген негизде айып тобун тебүү дайындалып, бул мүмкүнчүлүктү жапон оюнчусу Такуми Минамино колдон чыгарган жок.
2-тайм башталганда беттештин 53-мүнөтүндө Жапониянын эсебине 2-гол жазылды. Голдун автору Генки Харагучи.
2022-жылы Катарда өтө турган дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычы 5-сентябрда башталган.
Кыргызстан F тайпасында Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойноп жатат. Буга чейин кыргызстандык футболчулар Тажикстанга 0:1 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0, Монголияны 2:1 эсебинде уткан.
Бул тайпада Жапониянын курама командасы тогуз упай менен жадыбалдын сап башында баратат. Эсебинде алты упайы бар Кыргызстан экинчи, Тажикстан үчүнчү орунда. (ECh)