Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
бейшемби, 12-декабрь, 2019 Бишкек убактысы 18:07

Түркияда ИМ тобунун мүчөсү катары кармалган 23 кыргызстандык бар


«Ислам мамлекети» террордук уюмунун согушкерлери.

Түркия абактарында отурган «Ислам мамлекети» террордук уюмунун 956 мүчөсүн өз өлкөлөрүнө экстрадициялоону улантат. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганы боюнча, алардын арасында Кыргызстандын 23 жараны бар. Ошондой эле Казакстандын 10, Өзбекстандын 82, Түркмөнстандын 6, Орусиянын 99 жана башка өлкөлөрдүн жарандары бар.

Анкара «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрү катары кармалып турган чет өлкөлүк жоочуларды өз өлкөлөрүнө 11-ноябрдан тартып депортация кыла баштады.

Өткөн аптада түрк ички иштер министри Сулайман Сойлу Анкара «Ислам мамлекети» террордук уюмунун колго түшкөн чет өлкөлүк жоочуларын 11-ноябрдан тартып алардын өз мекенинде жарандыктан ажыратылганына карабастан жөнөтө баштай турганын маалымдаган.

Британия баштаган бир катар Европа мамлекеттери «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуп кеткен жарандарын атуулдуктан ажыратып, аларды кайра кабыл алууга каршы экенин билдирген.

2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга Кыргызстандан да 800дөй адам барып кошулганын, анын 200гө жакыны каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны кыз-келиндер болсо, көбүнүн балдары бар.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG