«Малайзия аба жолдорунун» MH17 учагынын кырсыкка кабылышы боюнча Нидерланддар жетекчилик кылган Эл аралык иликтөө тобу (JIT) Украинанын чыгышындагы жикчилдердин жаңы сүйлөшүүсүн жарыялады. Алар иликтөөсүнө таянып, өзүн-өзү «республика» деп жарыялап алган «Донецк элдик республикасы» менен «Луганск элдик республикасынын» лидерлери орусиялык аткаминерлер менен байланышта болгон деп божомолдойт.
2014-жылдын июлундагы сүйлөшүүдө өзүн «Моңгол» деп атаган «ДНР» аймагындагы жикчил белгисиз адамдарга «аймакка Орусиянын Коргоо министрлигинин буйругу менен бир топ киши келе турганын» айткан. «Моңголдун» сөзүнө караганда, алар жергиликтүү бөлүмдөргө командир болуш үчүн келген.
Эл аралык иликтөө тобу кабарлагандай, өзүн «ДНРдин премьер-министри» деп жарыялап алган Александр Бородай Крым аймагынын башчысы Сергей Аксенов жана Орусия президентинин жардамчысы Владислав Сурков менен сүйлөшкөн.
Иликтөөчүлөр Бородай Орусиядан тапшырма алып турган деп эсептейт. Жарыяланган сүйлөшүүгө ылайык, Бородай «бир гана Орусиянын тапшырмаларын аткарып, ушул өлкөнүн гана кызыкчылыгын коргой турганын» айтат.
Мурунку жикчилдер Эл аралык иликтөө тобунун өкүлдөрүнө Орусиянын Коопсуздук кызматы (ФСБ) жана Орусиянын чалгын башкармалыгы (ГРУ) жикчилдердин ишине аралашып турганын айтып беришкен. Алардын сөзүнө караганда, жикчилдер Москвага чейин барып турушкан.
Иликтөөчүлөр өз маалыматтарына шилтеме кылып, «ДНРдин» өкүлдөрү Орусиядан каражат алып отурганын да айтышат.
Орусиянын бийлиги Эл аралык иликтөө тобунун акыркы жарыялаган маалыматтарына байланыштуу комментарий бере элек.
Малайзиянын Амстредам - Куала-Лумпур каттамындагы учагы 2014-жылдын 17-июлунда Украинанын Донецк облусунун үстүндө атып түшүрүлгөн. Анын бортундагы 298 адамдын баары мерт болгон. Бул учурда Украинанын чыгышында орусиячыл жикчилдер өкмөттүк аскерлерге каршы согушуп жаткан.
Нидерланддар жетекчилик кылган Эл аралык тергөө тобу буга чейин учактын кыйрашына байланыштуу Орусиянын үч, Украинананы бир жаранына айып койгон. Бул окуя боюнча Гаагада сот эмдиги жылы мартта башталат.
Буга чейин Европа Биримдигинин кеңеши Украинанын чыгышында атып түшүрүлгөн MH17 каттамындагы малайзиялык учакка байланыштуу Орусия өзүнө таандык жоопкерчиликти алышы керек экенин билдирген.