Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:42

Бакир Таиров: чуулуу өрдөк эти өрттөлгөн


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) жетекчиси Бакир Таиров «өрдөк этине» байланыштуу чуу тууралуу суроого жооп берип жатып айтты:

- Тажикстандан келген өрдөк эти боюнча былтыр «Аткезчилик» беренеси менен кылмыш иши козголуп, сот чечим чыгарган. Финансы полициясы тарабынан кармалган 80 тонна өрдөк эти соттун чечими менен жок кылынган.

Депутат Нурбек Тотонов социалдык тармактарда, кармалган өрдөк эти толук өрттөлбөй, 2-3 тоннасы гана жок кылынып, калганынын дайыны чыкпай калганы боюнча мааламаттар тараганын мисал келтирди. Финполициянын жетекчиси бул сөздөрдү четке какты.

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештеги «Республика - Ата Журт» фракциясы өкмөттүн коррупцияга каршы күрөш боюнча маалыматын угуп жатат. Депутаттардын суроолоруна вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү жооп берүүдө.

«Кактус Медиа» басылмасы буга чейин колундагы документтерге таянып, «бул этти камактан чыгаруу жана аны ташып келаткан ишкер Эмир Эмилкановду жазадан куткаруу убадасы менен өкмөт аппаратынын башчысынын орун басары Бакыт Калмуратов жана Финансы полициясынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев 50 миң доллар пара алышы мүмкүн» деп жазып чыккан. Чуулуу окуядан кийин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн аппарат жетекчисинин орун басары Бакыт Калмуратовду кызматынан четтеткен. Финполиция болсо айтылган маалыматтарды толугу менен четке кагып, «контрабандисттердин мекеменин ишине тоскоолдук кылуу аракети» деп баалаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG