Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:34

Гонконгдогу студенттердин ата-энелери Жээнбековго кайрылышты


Гонконгдогу каршылык акцияларынын жаңы толкуну.
Гонконгдогу каршылык акцияларынын жаңы толкуну.

Гонкондо билим алып жаткан студенттердин ата-энелери президент Сооронбай Жээнбековго кайрылышты. Алар аймактагы саясий абалга, соңку кагылышууларга байланыштуу балдарын Кыргызстанга аман-эсен кайтарып келүү ишине жардам берүүнү суранышкан.

«Биздин балдар бир нече татаал сынактардан кийин миңдеген жаштардан озуп чыгып, Гонконг шаарындагы дүйнөнүн эң алдыңкы окуу жайларына студент катары тандалып алынган эле. Өлкөбүздүн эртеңки келечеги болгон алтын муунга мамлекет тарабынан камкордук болот деген терең ишенимдебиз», деп жазылган мамлекет башчынын атына жазылган кайрылууда.

Гонконгдогу соңку кагылышууларга байланыштуу жогорку окуу жайлары жабылган. 13-ноябрга караган түнү демонстранттар менен полициянын ортосундагы кагылышуу университеттик шаарчада уланган.

Гонконгдо кыргызстандык ондогон студенттер билим алышат. Алардын биринин атасы Тургунбай Алдакулов балдар учурда коопсуз жайда убактылуу баш калкалап турушканын билдирди:

- Менин балам 1-курста окуйт. Азыр он чакты студент жана алардын ата-энелери чогулдук. Башында балдарыбыз «баары жакшы, кыжалат болбогула» деп жатышкан. Окуя курчуп кеткенде аларга уруксат бериптир. Эми Кыргызстанга алып келүүнүн айласын кылып жатабыз. Булардын окуу жайы көчөнүн чок ортосунда экен, ошондуктан студенттер ал жерден качып чыгышкан. Ата-энелер балдарына билет сатып алышты, кийин кайра жөнөтүшүбүз керек. Ошондой маселелерде мамелкеттик колдоо болсо деген негизде кайрылдык.

Гонконгдо каршылык акцияларынын жаңы толкуну 8-ноябрдагы тоз-тополоңдо 22 жаштагы студент оор жарадар болуп, каза болгондон кийин курчуп кеткен.

Кылмышка шектүүлөрдү Кытайга өткөрүп берүүгө жол ачкан мыйзам долбоору сунушталганы шаарда бир канча айдан бери миңдеген адамды көчөгө чыгарган нааразылыкка негиз болгон.

Тышкы иштер министрлиги студенттерди тополоңго аралашпоого үндөп, толук маалыматты Кытайдагы элчиликтен алууга чакырган. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги Гонконгдо окуган кыргызстандык студенттер тууралуу маалымат жок экенин билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG