Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:36

Мамкаттоо: машиненин мамлекеттик номурлары чектелүү санда калды


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

Мамлекеттик каттоо кызматында автоунаанын мамлекеттик номурлары чектелүү гана санда калгандыктан айрым аймактарда тартыш болуп жатат. Бирок бул маселе 20-ноябрда чечилет. Тактап айтканда номур жасоочу темир Орусиядан келет. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган мекеменин басма сөз кызматкери Адилет Бейшеналиев маалымдады:

- Номерлер бар бирок, саны аз калды. Тендердин жыйынтыгы боюнча номерге керектелүүчү темир ноябрдын жыйырмаларында келет. Андан кийин бул маселе чечилет. Азыр чектелүү болгондуктан айрым райондордо жетпей калып жатат.

Ал эми жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүк декабрдын башынан баштап бериле баштайт. Ага чейин айдоочуларга убактылуу документ берилип жаткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG